Зеленский: «Европанын Орусияга каршы санкциялар боюнча «чечкинсиздигине» чыдамым жок»

Зеленский Ирландиянын парламентине видео байланыш аркылуу кайрылды.

1808337
Зеленский: «Европанын Орусияга каршы санкциялар боюнча «чечкинсиздигине» чыдамым жок»

Украинанын президенти Владимир Зеленский Европанын Орусияга каршы санкциялар боюнча «чечкинсиздигине» чыдай албасын айтты.

Зеленский Ирландиянын парламентине видео байланыш аркылуу кайрылды.

Орусиянын Украинага түнү дагы сокку урганын белгилеген Зеленский, орус күчтөрү эл оокат кылган нерселердин баарын бутага алганын айтты.

Орусиянын айыл чарба жүктөрү бар кемелердин порттордон экспортко чыгуусуна уруксат бербей жатканын белгилеген Зеленский:«Украина азык-түлүктү экспорттоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Бул жөн эле ачкачылык же ачкалык коркунучу эмес. Азык-түлүк тартыштыгы болот жана баалар көтөрүлөт»,-деди.

Орусиянын Украинага колониялык армия катары киргенин белгилеген Зеленский, Европанын Москвага каршы санкциялар боюнча чечкинсиздигине реакция кылды.

Украинанын президенти: «Украинада биз башыбыздан өткөргөн бардык кыйынчылыктардан кийин, орус аскерлери жасаган бардык аракеттерден кийин, мен эч кандай чечкинсиздикке чыдай албайм»,-деди.

Зеленский кээ бир европалык компаниялар дагы деле орус базарларынан кетпей жатканын жана аларды көндүрүү керектигин айтып: «Биз дагы эле чет элдик саясатчыларды орус банктарынын дүйнөлүк каржы системасы менен байланышын үзүшүбүз керек деп ынандырышыбыз керек. Биз дагы эле Европаны орус мунайын, орусиялык аскерий машиналарды жаңы каржы булактары менен азыктандырбашы керек деп ишендиришибиз керек»,-деп айтты.

Ирландиянын аракеттерин мактаган жана согушка каршы коалицияда көбүрөөк лидерлик көрсөтүүнү суранган Владимир Зеленский Дублин администрациясын Евробиримдикти (ЕБ) согушту токтотуу үчүн катаал санкцияларды киргизүүгө көндүрүүгө чакырды.

Зеленский Telegram эсебинде жарыялаган видео кайрылуусунда Орусияга каршы санкциялар Буча шаарындагы согуш кылмыштарына пропорционалдуу болушу керек экенин белгилеп: «Эгерде мындан ары россиялык банктар кадимкидей иштеп, Орусияга товарларды жөнөтүү уланса, ал эми Евробиримдик өлкөлөрү Орусияга энергетикалык ресурстар үчүн төлөй берсе, анда айрым лидерлердин саясий тагдыры мурдагыдай өнүкпөйт»,-деп айткан болчу.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар