Украинадагы балдардын өлүмдөрү, эвакуациялар, согуштун кесепеттери...

Украинанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө орус армиясынын бомбалоосунан 927 билим берүү мекемесинин зыянга учураганы, алардын 83үнүн толугу менен талкаланганы белгиленди.

1807909
Украинадагы балдардын өлүмдөрү, эвакуациялар, согуштун кесепеттери...
Borodyanka Ukrayna2.jpg
Borodyanka Ukrayna.jpg

Орус армиясынын Украинадагы чабуулдарынан 167 бала каза болуп, 279 бала жаракат алганы маалымдалды.

Украинанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө орус армиясынын бомбалоосунан 927 билим берүү мекемесинин зыянга учураганы, алардын 83үнүн толугу менен талкаланганы белгиленди.

Билдирүүдө Орусиянын кол салуулары башталган 24-февралдан бери 167 баланын каза болгону, 279 баланын жараланганы белгиленди.

Бир тараптан Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук кечээ кагылышуу болгон аймактардан 3800дөн ашуун кишинин эвакуацияланганын билдирди.

Верещук социалдык медиага жарыялаган видеодо өлкөсүндөгү кагылышуулар уланып жаткан аймактардан жарандардын эвакуация процессине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Эвакуациялардын уланып жатканын белгилеген Ирина Верещук: «(Кечээ) 3 миң 846 адам эвакуацияланды. Бир сутка ичинде Мариуполь-Бердянск гуманитардык коридорлору аркылуу Запорожьеге 2 миң 216 адам жетти. Алардын 1496сы Мариуполь шаарынан келген. 720 адам Полохи, Васильовка, Бердянск жана Мелитополь шаарларынан Запорожьеге жетти»,-деди.

Верещук Украинанын Луганск облусунун кээ бир шаарларынан миңден ашуун кишинин автобустар менен эвакуацияланганын билдирди.

Орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу да маалымат берген Ирина Верещук:«Биринчи аныктамалар боюнча Украинада кеминде 26 миң чарчы метр турак-жай аянты, 533 билим берүү мекемеси, 196 саламаттыкты сактоо мекемеси, 300 бала бакча, 8 аэропорт, 10 аскердик аэропорт, 129 завод жана ишкана, 22 миң километрден ашык жол жана 226 көпүрө бузулган же талкаланды»,-деди.

Согуштан улам өлкөсүнө келтирилген зыяндын өлчөмү боюнча иштеп жаткандарын белгилеген Верещук: «Бул көрсөткүч 68 миллиард долларды түзөт. Өлкө экономикасына келтирилген кыйыр зыян 600 миллиард долларды түзөт жана бул көрсөткүч тилекке каршы күн сайын өсө берет»,-деп айтты.

Вице-премьер-министр сөз болуп жаткан чыгымдарды Орусия жабууга тийиш экенин баса белгиледи.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар