Кытайдын БУУдагы элчиси : "Жарандарга карата кол салуулар кабыл алынгыс"

Чжан Украина кризисинде Кытайдын жалгыз максаты – кагылышууну  мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу экенин баса белгиледи.

1808155
Кытайдын БУУдагы элчиси : "Жарандарга карата кол салуулар кабыл алынгыс"

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Чжан Джун Украинанын борбору Киевге жакын жердеги Буча аймагында жарандардын өлтүрүлүшүнө байланыштуу дүйнөлүк маалымат каражаттарында чагылдырылган кабарлар жана сүрөттөрдүн «тынчсыздандыруучу» экендигин  билдирди.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөгөн элчи Чжан Джун куралдуу кагылышууларда жарандарга карата бардык зомбулуктан алыс болуу керектигин баса белгилеп : «Жарандарга карата  кол салуулар кабыл алынгыс»,- деди.

Чжан Украина кризисинде Кытайдын жалгыз максаты – кагылышууну  мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу экенин баса белгиледи.

Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү кубаттагандарын жана кризистин комплекстүү чечилиши үчүн тараптардын тынчтыкка карай жылышын улантуусу керектигин баса белгилеген Чжан, эл аралык коомчулуктун сүйлөшүүлөр үчүн тиешелүү шарттарды жана чөйрөнү камсыздап, бөгөт коюнун ордуна тынчтык үчүн мейкиндик ачуу керектигин айтты.

Элчи Чжан жыйындан кийин  журналисттердин  «AUKUS» альянс өлкөлөрүнүн Австралия, Британия жана АКШнын гиперүндүү курал тармагындагы кызматташтык тууралуу суроосуна Украина мисалын эске салып : «Украинадагы кризистин башка аймактарда болушун каалабасак, мындай кризистерге алып келе турган кадамдардан алыс болушубуз керек. Кытай макалында айтылгандай : «Жакпасаң, башкаларга таңуулаба" дейт»,- деп  жооп берди.

АКШ, Британия жана Австралия кечээ «AUKUS» келишиминин алкагында гиперүндүү курал жана электрондук согуш тармагында кызматташа тургандарын жарыялашты.



Тектеш кабарлар