Францияда сырга бактерия жукту

Керектөөчүлөрдөн бул сырларды сатып албоо же сатып алган сырларды кайтарып берүү талап кылынды.

1808186
Францияда сырга бактерия жукту

Францияда Lactalis тобуна кирген сырлар да листерия бактериясы жуккандыктан кайра чакыртылып алынды.

Өкмөттүк Rappel Conso интернет сайтында Lactalis тобунун Ливароттогу фабрикасында өндүрүлгөн Норманвилл жана Грейндорж сырынын 6 түрүндө листерия бактериясы аныкталганы билдирилди.

Керектөөчүлөрдөн бул сырларды сатып албоо же сатып алган сырларды кайтарып берүү талап кылынды.

Өткөн айдын ортосунда Nestle компаниясынын Buitoni тоңдурулган пиццалары E.coli бактериялары бар деп кайра чакыртылып алынган.

Бул пиццалардан өлкөдө 75ке жакын балага инфекция жукканы аныкталган.

Ферреро тобу да мурунку күнү Францияда текчелерде турган Бельгияда өндүрүлгөн тонналаган Kinder шоколад азыктарын аларда сальмонелла бактериялары болушу мүмкүн деген шектенүү менен чакыртып алган.



Тектеш кабарлар