БУУ мина коркунучу боюнча эскертти

"Боко Харам" Африканын калкы эң көп өлкөсү Нигерияда дагы эле олуттуу коопсуздук көйгөйүн жаратууда.

1807183
БУУ мина коркунучу боюнча эскертти

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Нигериянын түндүк-чыгышында болжол менен 1,2 миллион адамдын мина коркунучунда турганын билдирди.

БУУнун Нигериядагы гуманитардык жардам координатору Маттиас Шмале "Боко Харам" террордук уюму активдүү болгон Борно, Адамава жана Йобе аймактарында болжол менен 1 миллион 200 миң кишинин мина коркунучу алдында турганын айтты.

Бул аймактарда жашаган адамдардын өмүрдү куткаруучу жардамга муктаж экенин баса белгилеген Шмале, 2016-жылдын январь айынан 2022-жылдын январь айына чейин 1532 мина жардырылганын кабарлады. 

Шмале бул зомбулук окуяларында 789 жарандын каза болгонун, 1356 жарандын жараланганын маалымдады. 

"Боко Харам" акыркы жылдарда жүргүзүлгөн операцияларга карабастан Африканын калкы эң көп өлкөсү Нигерияда дагы эле олуттуу коопсуздук көйгөйүн жаратууда.

Өлкөдө 2000-жылдардын башында пайда болгон "Боко Харам" террордук уюму 2009-жылдан бери улантып келе жаткан массалык кол салууларында 20 миңден ашуун адам каза болду. 



Тектеш кабарлар