Батыш Африка акыркы 10 жылдагы эң олуттуу азык-түлүк кризисин баштан кечирүүдө

Лондондо жайгашкан эл аралык гуманитардык уюм Oxfam тарабынан жасалган билдирүүдө, Сахелдин кээ бир аймактарында дан өндүрүшүнүн өткөн жылга салыштырмалуу үчтөн бирине кыскарганы жана негизги азык-түлүк запастарынын дээрлик түгөнүп баратканы белгиленди.

1807517
Батыш Африка акыркы 10 жылдагы эң олуттуу азык-түлүк кризисин баштан кечирүүдө

Батыш Африка акыркы 10 жылдагы эң олуттуу азык-түлүк кризисин баштан кечирүүдө.

Лондондо жайгашкан эл аралык гуманитардык уюм Oxfam тарабынан жасалган билдирүүдө, Сахелдин кээ бир аймактарында дан өндүрүшүнүн өткөн жылга салыштырмалуу үчтөн бирине кыскарганы жана негизги азык-түлүк запастарынын дээрлик түгөнүп баратканы белгиленди.

Кургакчылык, суу ташкын, кагылышуу жана Ковид-19дан улам миллиондогон адамдардын жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгондугу белгилеген билдирүүдө,  азык-түлүк баасынын акыркы 5 жылда 30 пайызга кымбаттаганы, Орусия-Украина согушунун кырдаалды ого бетер начарлатканы баса белгиленди.

Буркина-Фасо, Нигер, Чад, Мали жана Нигерия да орун алган Батыш Африкадагы азык-түлүк кризисинин акыркы он жылда тереңдегенине көңүл бурулуп, 2015-жылы 7 миллионго жеткен шашылыш азык-түлүк жардамына муктаж болгондордун саны бүгүнкү күндө 27 миллионго жеткени белгилүү болду.

Билдирүүдө Батыш Африкада акыркы 10 жылдын эң олуттуу азык-түлүк кризиси болгону жана шашылыш түрдө азык-түлүккө муктаж болгондордун саны июнь айына чейин 38 миллионго жете турганы боюнча эскертилди.



Тектеш кабарлар