Алексей Арестович Россиянын «Адмирал Эссен» фрегатына зыян келтирилгенин билдирди

Кара деңизде орус деңиз флотуна таандык «Адмирал Эссен» фрегаты Сириядагы аскердик операция учурунда аткан «Калибр»  ракетасы менен көңүлдөрдү бурган.

1807359
Алексей Арестович Россиянын «Адмирал Эссен» фрегатына зыян келтирилгенин билдирди
ukrayna savaş.jpg

Украина президентинин кеңешчиси Алексей Арестович Россиянын «Адмирал Эссен» фрегатына зыян келтирилгенин билдирди.

Арестович күнүмдүк брифингде жасаган билдирүүсүндө, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн эрдиги жана тажрыйбасы менен орус флотунун «Адмирал Эссен» фрегаты зыянга учураганын айтты.

Кара деңизде орус деңиз флотуна таандык «Адмирал Эссен» фрегаты Сириядагы аскердик операция учурунда аткан «Калибр»  ракетасы менен көңүлдөрдү бурган.

Украинанын башкы штабы да 24 - февралдан 5 - апрелге чейин орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат жарыялады.

Буга ылайык Украинага кол салган орус армиясынан 18 миң 500 аскер каза болуп, орустарга таандык 150 учак, 134 тик учак, 676 танк, 1858 бронетехника, 332 артиллерия, 107 ракета атуу системасы жана 55 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Башкы  штабдан берилген маалыматта да казармасына кайткан орус аскерлеринин маанилүү бир бөлүгүнүн кызматтан кетүүгө аракет кылгандыгы, мунун жетерлик медициналык жардам ала албашынан келип чыккандыгы белгиленди.

Россиянын Украинадагы согушунда бир жолу гана жоготууга учурагандыгы тууралуу билдирүү бергендиги эске салынган маалыматта : «Россия менен Беларустун аскердик медициналык мекемелеринин Украинанын аймагынан мынчалык көп сандагы жарадарларды кабыл алууга каражаты жоктой»,- деп билдирилди.  

Украинанын Суми шаарында 29 -  март жана 2 -  апрель күндөрү 100 жаралуу жиберилген Россиянын Курск аймагында Глушково айылындагы аймактык борбордук оорукананын медициналык кызматкерлеринин чукул кырдаалга алып келингендиги белгиленди.

Кара деңизге жээктеш болгон жана убактылуу оккупация астындагы Херсон шаарында кагылышуулардын жүрүп жаткандыгы жана жарандардын автомобилдерин конфискациялоо окуяларынын күч алгандыгы билдирилди.

Укрианын вице  - премьер  - министри Ирина Верещук болсо 3 миң 376 жарандын коопсуз аймактарга эвакуациялангандыгын айтты.

Верещук күнүмдүк брифингде жасаган билдирүүсүндө гуманитардык коридорлор ачылган Мариуполь жана Бердянск шаарларынан 2405 жарандын өз унаалары менен Запорожьеге жеткенин белгиледи.

Орус баскынчылары системалуу түрдө эвакуациялоо аракетине тоскоол болгон Луганск аймагынан 971 жаранды эвакуациялоого жетишкендерин белгилеген Верещук, Эл аралык Кызыл Крест комитетинин делегациясы менен коштолгон автобустун Мангуш шаарында күттүрүлүп жаткандыгын эске салды.



Тектеш кабарлар