Украина: «Балдар өлүүдө, 410 адамдын сөөгү табылды, конвойго ок атылууда»

Украинанын башкы прокурору Ирина Венедиктова орус армиясынан бошотулган Киев облусунда 410 жарандын сөөгү табылганын билдирди.

1806620
Украина: «Балдар өлүүдө, 410 адамдын сөөгү табылды, конвойго ок атылууда»
kiev
Odessa rafinerisi Rusya Ukrayna.jpg
Ukrayna- saldırı

Орус армиясынын Украинадагы кол салууларында 161 бала каза болуп, 264 бала жаракат алды.

Украинанын башкы прокурорунун билдирүүсүндө орус армиясынын бомбалоосунан 869 билим берүү мекемесинин зыянга учураганы, алардын 83үнүн толугу менен талкаланганы белгиленди.

Билдирүүдө Орусия кол салуулары башталган 24-февралдан бери 161 баланын каза болгону, 264 баланын жараланганы белгиленди.

Украинанын башкы прокурору Ирина Венедиктова орус армиясынан бошотулган Киев облусунда 410 жарандын сөөгү табылганын билдирди.

Ирина Венедиктова социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө орус армиясынан бошотулган Киев аймагынын ар бир карышында издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын белгилеп, бул изилдөөлөргө соттук-медициналык тергөөчүлөр, жарылуучу заттар жана кинология адистери, соттук медицина адистери, дарыгерлер жана куткаруу топтору да катышып жатканын айтты.

Ирина Венедиктова Киевге жакын жердеги бошотулган конуштардан 410 жайкын тургундун сөөгү табылганын белгилеп: «Киев облусунун бошотулган аймагында Орусиянын ырайымсыз согуш кылмыштарынын өтө маанилүү далилдери бар. Бул биздин жерибизде аны уюштургандарды жазалоо үчүн документтештирилиши керек болгон тозок»,-деп өз баасын берди.

Венедиктова окуянын күбөлөрү менен жабырлануучуларынын өздүгүн тактоо аракеттеринен тышкары, бул кырсыктын фото жана видео далилдерин чогултуу боюнча тергөө иштери уланып жатканын баса белгиледи.

Украинанын Харьков Аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов болсо орус армиясы Харьковдун жанындагы Балаклия ооруканасынан бейтаптарды жана дарыгерлерди эвакуациялоо пландалган конвойго ок чыгарганын, автобустун айдоочусу каза болгонун билдирди.

Орус армиясы мурунку күнү бейтаптар жана кызматкерлер жайгашкан Балаклия борбордук райондук ооруканасын аткылоодо оорукананын имараты зыянга учураган.

Ошондон кийин жергиликтүү бийлик 70ке жакын адамды, анын ичинде бейтаптарды жана оорукана кызматкерлерин тез арада эвакуациялоо керектигин билдирген.

Бир тараптан Украинанын Башкы штабы орус армиясынын 24-февраль менен 4-апрелдин аралыгындагы жоготуулары тууралуу маалыматты жарыялады.

Буга ылайык, Украинага кол салуулары уланган орус армиясынан 18 миң 300 аскер шейит болуп, орустарга таандык 147 учак, 134 тик учак, 647 танк, 1844 бронетехника, 330 замбирек, 107 ракета атуу системасы жана 54 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү дагы 1273 унаа, 7 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил катер, 76 күйүүчү май ташуучу унаа жана 92 учкучсуз учуучу аппарат жоготту.



Тектеш кабарлар