Литва орус элчисинен өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды
Литванын тышкы иштер министри Габриелиус Ландсбергис Твиттерден билдирүү жасады.
1806987
Литва орус элчисинен өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды.
Литванын тышкы иштер министри Габриелиус Ландсбергис Твиттердеги баракчасынан Литванын, орус элчиси Алексей Исаковдон өлкөдөн кетүүсүн талап кылганын кабарлады.
Габриелиус Ландсбергис ошондой эле Литванын Украинадагы элчисинин борбор калаа Киевге кайтып барарын билдирди.
Литвада 3-мартта Орус элчилигинин имараты жайгашкан көчөгө "Украиналык баатырлар көчөсү" деген ысым ыйгарылары кабарланган.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.