Россия нефть рафинериясынын орус армиясы менен байланышынын жок экендигин билдирди

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков маалымат берди.

1805955
Россия нефть рафинериясынын орус армиясы менен байланышынын жок экендигин билдирди

Россиянын коргоо министрлиги Украина армиясына таандык тик учактар аткан Белгород шаарындагы нефть рафинериясынын орус армиясы менен байланышынын жок экендигин билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков  борбор шаар Москвада берген билдирүүсүндө Украинада кечээ 40 аскердик инфраструктура объектисинин жок кылынганын билдирип : «Башынан бери жалпы 124 учак жана 82 тик учак, 357 учкучсуз учуучу аппарат, 1854 танк жана түрдүү бронетехника, 202  көп стволдуу ракета аткычтар, 777 гаубица жана минометтор, 1722 атайын аскердик техника жок кылынды»,- деди.

Конашенков Украина армиясына таандык 2 Ми-24 тик учагынын кечээ Россиянын аба мейкиндигине кирип, Белгород шаарындагы нефть рафинериясына  кол салганын айтып : «Атылган ракеталардын айынан айрым май куюучу цистерналар жабыркап, күйүп кеткен. Жарандык унаалар үчүн күйүүчү май ушул цистерналардан алынып жаткан. Нефть рафинериясынын  Россиянын куралдуу күчтөрүнө эч кандай тиешеси жок»,- деди.



Тектеш кабарлар