Суданда болгон кагылышуу
Кагылышууда 45 киши каза болду.
Судандын Түштүк Дарфур штатында африкалык жана араб урууларынын ортосундагы кагылышууда 45 киши каза болду.
Түштүк Дарфур коопсуздук комитетинин билдирүүсүнө караганда, провинциянын борбору Нияла шаарынын айыл аймактарында 29 - мартта Африка тектүү феллат жана араб ризейгат урууларынын ортосундагы пикир келишпестик жаңжалга айланган.
Кагылышууларда 45 киши каза болду. Каза болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар. Окуялардан кеминде 20 киши жаракат алганы кабарланды.
Өлкөнүн батышындагы 5 штаттан турган Дарфур аймагында уруулар аралык кагылышуулардан улам жыл сайын жүздөгөн киши каза болуп, миңдеген киши жер которгон.
Жеке куралдануу кеңири жайылган аймакта жер, жайыт, суу ресурстары сыяктуу уруулардын ортосундагы чыр-чатактардан улам мезгил-мезгили менен кагылышуулар чыгып турат.