БУУ: "Украинада кеминде 1276 жайкын тургун набыт болду"
Украинадагы качкындар кризисине байланыштуу түрдүү булактардан алынган маалыматтар бөлүшүлдү.
Орусия-Украина согушу учурунда Украинада кеминде 1276 жаран каза болуп, 1981 жаран жаракат алды, кол салуулардан кийин 4 миллион 102 миң 876 качкын коңшу өлкөлөргө көчүп кетти.
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын билдирүүсүндө, Украинадагы баш калкалоочу кризисине байланыштуу түрдүү булактардан алынган маалыматтар бөлүшүлдү.
Билдирүүдө Украинадан жарымынан көбү Польшага кеткен 4 миллион 102 миң 876 баш калкалоочунун 24-февралдан 31-мартка чейин коңшу өлкөлөргө өткөнү белгиленди.
Коңшу өлкөлөрдөн Польшага (2 миллион 384 миң 814), Румынияга (623 миң 627), Молдовага (390 миң 187), Венгрияга (374 миң 535) жана Словакияга (292 миң 39) качкындын өткөнү айтылат билдирүүдө, 21-23-февралда Донецк жана Луганск облустарынан 113 миң адам Орусияга кетти.
Бир тараптан Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Эл аралык Миграция уюму (IOM) Украинанын ичинде да 6,5 миллион жарандын жер которгондугун, ушундайча кошуна өлкөлөргө качкандар менен жер которгон украиналыктардын жалпы санынын 10 миллионго жеткенин билдирди.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.