Адам сымал робот Асимо акыркы өнөрүн көрсөттү

Honda Motor компаниясы, Асимо долбоорун токтотту.

1805568
Адам сымал робот Асимо акыркы өнөрүн көрсөттү

Япониянын Honda Motor компаниясы иштеп чыккан адам сымал робот Асимо акыркы өнөрүн көрсөттү.

Коомдук телерадиоберүү мекемеси NHK, япониялык өндүрүүчүнүн Асимо долбоорун токтотконун жарыялады.

Асимо Хонданын Токиодогу баш кеңсесинде бий жана футбол сыяктуу өнөрлөрүн көрсөттү.

Беш манжасы менен жаңдоо тилин колдонгон жана кагаз стаканга кофе бере алган Асимо алкыш алды.

Робот менен коштошууну каалаган көрүүчүлөр акыркы өнөрүн видеого тартып алышты.

Ушундайча 2000-жылы алгачкы модели таанытылган Асимонун 20 жылдык шоу карьерасы соңуна чыкты.

Бул робот секирүү жана чуркоо сыяктуу "адам кыймылына" эң жакын электрондук түзүлүштөрдүн бири катары белгилүү.

Хонда буга чейин роботтун 7 моделин иштеп чыккан.

Жаңы мезгилде Хонда алыстан башкарылуучу “аватар роботторун” иштеп чыгууга басым жасоону көздөөдө.



Тектеш кабарлар