Зеленский видео билдирүү жасады
Зеленский видео кайрылуусунда Украина элинин Россияга каршы “ата мекендик согуш” жүргүзүп жатканын айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус бөлүктөрүнүн Киев жана Черниговдон чегингендигине байланыштуу сөздөргө токтолуп : «Ошол эле учурда Донбасста жаңыдан кол салуу үчүн орус бөлүктөрүнүн чогулгандыгын да көрүп жатабыз»,- деди.
Зеленский видео кайрылуусунда Украина элинин Россияга каршы “ата мекендик согуш” жүргүзүп жатканын, өлкө аймагында жана Кара деңиз аймагында акыйкаттык орногуча колунан келгендин баарын жасай турганын билдирди.
24 - февралда Украинага кол салган орус аскерлеринин Киев жана Черниговдон чегинди деген сөздөргө көңүл бурган Зеленский : «Мунун артка чегинүү эмес, биздин аскерлерибиздин эмгегинин натыйжасы экенин билебиз. Бирок биз Донбасста жаңыдан кол салуулар үчүн орус аскерлеринин чогулганын да көрүп жатабыз»,- деди.
Зеленский акыркы 24 саатта тынымсыз дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлгөндүгүн, өзгөчө АКШнын президенти Жо Байден менен кенен түрдө сүйлөшүү өткөргөндөрүн билдирди.
Сүйлөшүүдө АКШга жаңы 1 миллиард долларлык гуманитардык жардам жана кошумча катары 500 миллион долларды түздөн түз бюджет жардамы үчүн ыраазычылык билдиргендигин айткан Зеленский : «Президент Байденге Украинанын эмнеге муктаж экендигин айттым. Азыркы учурда бир бурулуш жериндебиз. АКШнын колдоосу принцип катары биз үчүн абдан маанилүү»,- деди.
Зеленский Украинанын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин дипломатиялык ишмердүүлүгүн күчөтүшү керектигин баса белгилеп : «Украинанын келечеги үчүн иштегендер бар. Алардын ар бирин колдойбуз. Бирок тилекке каршы кызматта калуу үчүн кеңседе отургандар да бар»,- деди.
Украинанын Мароккодогу элчисин чакыртуу боюнча жарлыкка кол койгонун эске салган Зеленский Грузиядагы элчинин да андан мурда чакырылганын айтып : «Бул өлкөлөрдө бардык урмат сыйга карабастан курал, санкция жана Россия үчүн бир чектөө болбой турган болсо анда башка жумуш издегиле»,- деди.
Зеленский өлкөсүнүн Латын Америка, Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия жана Африкадагы элчиликтеринен да так жыйынтыктарды күткөндүгүн белгиледи.