Кытай: "Санкциялар өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө терс таасирин тийгизет"

Кытайдын өкүлүнүн орун басары Дай Бин, Орусияга каршы санкциялардын эл аралык азык-түлүк жана энергетика рынокторуна сокку урарын айтты.

1804845
Кытай: "Санкциялар өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө терс таасирин тийгизет"

Кытай Орусияга каршы санкцияларды көбөйтүү жана кеңейтүү өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө терс таасирин тийгизерин билдирди.

Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлүнүн орун басары Дай Бин Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, Орусияга каршы дозасы арткан жана кеңейтилген санкциялардын эл аралык азык-түлүк жана энергетика рынокторуна сокку урарын айтты.

Дай санкциялардын көптөгөн карапайым адамдардын жашоосуна да таасир этип, жаңы гуманитардык көйгөйлөрдү пайда кылаарын маалымдады.

Санкциялардын жана экономикалык блокаданын жасалма азык-түлүк жетишсиздигине жана баалардын олку-солку болушуна себеп болорун баса белгилеген Дай Бин, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө керексиз жүктөрдү жүктөй турганын кабарлады.  

Дай: «Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көбү бул жаңжалдын тараптары эмес. Бул өлкөлөр геосаясий кагылышуулардын жана улуу державалардын оюндарынын кесепеттерин тартууга мажбурланбашы керек»,-деди.

Кагылышуунун эч кимге пайдасы жок экенин билдирген Дай Бин АКШ, НАТО жана Европа Биримдигине Орусия менен сүйлөшүүнү кеңеш кылды.

Кытай БУУнун Башкы ассамблеясынын Орусиянын Украинага аскерий чабуулун айыптаган жана Украинадагы гуманитардык кризис үчүн Орусияны жооптуу деп эсептеген резолюцияларына калыс добушун берген.



Тектеш кабарлар