Эл аралык Валюта Фонду климаттык апааттар тууралуу билдирди

Эл аралык Валюта Фондунун төрайымы Кристалина Георгиева : «Климаттын таасирлеринин экономикалык жана финансылык жыйынтыктары аймактагы өсүү жана бейпилчилик үчүн чоң коркунуч жаратууда»,- деди.

1804744
Эл аралык Валюта Фонду климаттык апааттар тууралуу билдирди

Эл аралык Валюта Фондунун төрайымы Кристалина Георгиева Жакынкы Чыгышта жана Орто Азияда тездик менен көбөйүп жаткан климаттык кырсыктар бул аймактардын өсүшүнө жана бейпилдигине “чоң” коркунуч жаратып жатканын билдирди.

Төрайым  Кристалина Георгиева  Эл аралык Валюта Фондунун «Жылуулукту сезүү:  Жакынкы Чыгыш жана Орто Азияда климаттык алмашууга шайкеш келүү» деген темадагы жаңы отчетун таанытууда  сөз сүйлөп, климаттык кризистин турмушта жана тиричилик булактарында олуттуу үзгүлтүктөргө себеп болгонуна көңүлдөрдү бурду.

Акыркы 20 жылда Жакынкы Чыгыш жана Орто Азияда климатка байланыштуу кырсыктардын  бат  - бат болушу жана күчү дүйнөнүн кайсы бир жеринде дагы ылдам көбөйгөнүн белгилеген Георгиева : «Климаттын таасирлеринин экономикалык жана финансылык жыйынтыктары аймактагы өсүү жана бейпилчилик үчүн чоң коркунуч жаратууда»,- деди.

Эл аралык Валюта Фондунун жаңы отчету 2000 -  жылдан бери Жакынкы Чыгыш жана Орто Азияда климаттык  апааттардын 2 миң 600дөн ашуун адамдын өлүмүнө жана 2 миллиарддан ашуун материалдык чыгымга себеп болгондугун ортого салды.

Аймакта климаттык апааттардын 7 миллион кишиге таасирин тийгизгендиги белгиленген отчетто температуранын акыркы 30 жылда 1, 5 градуска көтөрүлгөнүн, бул дүйнөлүк 0,7 градустук өсүштүн эки эсеси экендиги белгиленди.

Отчетто Бахрейн, Жибути, Мавритания, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтеринен турган «эң ысык 5 өлкөнүн» экономикалык өсүшүнө  көтөрүлгөн температуралардын таасирин тийгизери айтылды.

Климаттык алмашуунун Жакынкы Чыгыш жана Орто Азияда чоң жоготууларга алып келгени баса белгиленген отчетто, эгер дагы жогорку температура жана экстремалдык аба ырайы окуяларына ыңгайлаштырылбаса, аймактагы климатка байланыштуу адам жана мүлк жоготуулары дагы да күчөй тургандыгы билдирилди.

Отчетто бул ыңгайлаштыруунун  каржыланышы үчүн эл аралык жардамга муктаж экендиги айтылды.



Тектеш кабарлар