Драги : "Türkiye Орусия-Украина согушунда маанилүү роль ойноодо"

Премьер-министр Драги борбор шаар Римде өткөрүлгөн маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1805163
Драги : "Türkiye Орусия-Украина согушунда маанилүү роль ойноодо"

Италиянын премьер-министри Марио Драги, Türkiyeнин Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүндө абдан маанилүү роль ойногонун белгиледи.

Премьер-министр Драги борбор шаар Римде Чет элдик басма сөз бирикмесинде өткөргөн маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Драги 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунда Türkiyeнин тараптардын ортосунда ойногон ролун кандай баалайсыз деген суроого: "Тынчтыкка алып келе турган сүйлөшүү процессинин башталышында Türkiye абдан маанилүү роль ойноодо. Муну өзүнүн геостратегиялык абалы жана жаңжалдын бардык тараптары менен болгон мамилесинин негизинде ишке ашырууда. Бул жердеги бардык өлкөлөр Türkiye менен бул багытта кызматташууга даяр",-деп жооп берди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен өткөн жумада Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөргөн жолугушуусун эске салган Драги, Eurosamдын Samp-T абадан коргонуу системасы күн тартибине кирбейби деген суроого да токтолуп: "Франция, Италия жана Türkiye  бул маселени (Евросам) да, жалпысынан соода мамилелерин калыбына келтирүү жана бекемдөө боюнча бир нече жыл мурун талкууланган долбоорду да сүйлөшөт макулдаштык",-деди.

Драги үч өлкө качан жолугушат деген суроого болсо: "Жакынкы апталарда кайда болору боюнча иштеп жатабыз",- деп айтты.



Тектеш кабарлар