Буу эфиопиялыктар үчүн жарбам берүүгө чакырды

Сауд Арабиядан кечээтен тарта эвакуациялана баштаган эфиопиялык жарандар үчүн 11 миллион долларга муктаж экени билдирилди.

1805018
Буу эфиопиялыктар үчүн жарбам берүүгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюму  Сауд Арабиядан эвакуацияланган эфиопиялык жарандарга жардам берүүгө чакырды.

БУУга караштуу Эл аралык миграция уюму тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Сауд Арабиядан кечээтен тарта эвакуациялана баштаган эфиопиялык жарандар үчүн 11 миллион долларга муктаж экени белгиленди.

Билдирүүдө эвакуациялана турган эфиопиялыктардын арасында аялдар менен балдардын да бар экенине көңүл бурулуп, эл аралык коомчулукка жардам берүүгө чакыруу салынды.

Жардамдын тамак-аш, баш калкалоочу жай жана медициналык каражаттар сыяктуу адамдын негизги муктаждыктарын камтыганы баса белгиленди.

Эфиопия кечээ Сауд Арабияга мыйзамсыз кирип, убактылуу кармоочу жайларда кармалып турган 100 миң жаранын эвакуациялай баштады.

Убактылуу кармоочу жайлардагы ыңгайсыз шарттардан улам күн тартибине келген эфиопиялык мыйзамсыз мигранттар мындан мурда да  топ түрүндө өлкөлөрүнө көчүп кетишкен.

Жыл сайын миңдеген эфиопиялык Жибути аркылуу Йеменге иштөө үчүн жана ал жактан Сауд Арабияга барып жатышат.

Эфиопиянын тышкы иштер министерлигинин маалыматы боюнча, Сауд Арабияда 750 миңден ашык эфиопиялыктар жашайт, алардын 450 миңи каттоодон өткөн эмес.



Тектеш кабарлар