Украинага Орусиянын кол салуулары,балдардын өлүмдөрү, эвакуациялар...

Украинанын башкы прокурорунун билдирүүсүндө орус армиясынын бомбалоосунан 790 билим берүү мекемесинин зыянга учураганы, 75инин толугу менен талкаланганы белгиленди.

1804237
Украинага Орусиянын кол салуулары,балдардын өлүмдөрү, эвакуациялар...
mariupol saldiri.jpg

Украинада орус армиясынын чабуулдарынан 145 бала каза болуп, 222 бала жараланды.

Украинанын башкы прокурорунун билдирүүсүндө орус армиясынын бомбалоосунан 790 билим берүү мекемесинин зыянга учураганы, 75инин толугу менен талкаланганы белгиленди.

Билдирүүдө Орусия кол салуулары башталган 24-февралдан бери 145 баланын каза болгону, 222 баланын жараланганы белгиленди.

Бир тараптан Украинанын Башкы штабы орус армиясынын Киев жана Чернигов аймактарынан чегинүүсүнүн уланып жатканын билдирди.

Башкы штабдын Фейсбук эсебинен жасалган билдирүүдө Орусия-Украина согушунун 34-күнүндөгү акыркы абалга баа берилди.

Билдирүүдө орус армиясынын Киев шаарын курчоого алуу милдетин аткара албаганы, Киев жана Чернигов облустарынан чегинүүнү уланткан орус армиясынын балким аскерлерин өлкөнүн чыгышына топтой турганы белгиленди.

Билдирүүдө Донецк багытында чабуулдарын уланткан орус армиясынын Кремль жана Мариуполь калктуу конуштарына абадан жана ракеталык чабуулдарды жасаганы, Степногорскинин, Ориховдун жана Гуляйполенун конуштарга жакын жердеги Украинанын Коргоо күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн турумдарына замбиректер менен аткылаганы белгиленди.

Кошумчалай кетсек, орус армиясынын Кара деңиз жана Азов аймактары менен катар Волынск, Полинск, Сиверск, Таврическое жана Славянск шаарчаларын кармоого аракет кылып, Лугансктагы Попасна, Рубижне конуштарын көзөмөлгө алууга жана Мариуполь шаарын да басып алууга басым жасаганы белгиленди.

Ошол эле учурда Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди Украинадан коңшу өлкөлөргө өткөн качкындардын саны 4 миллионго жеткенин билдирди.

Гранди Твиттердеги билдирүүсүндө Орусия-Украина согушунан улам 24-февралдан бери жер которгон жарандар тууралуу маалымат берди.

Гранди: «Орусиянын чабуулу башталгандан беш жума өткөндөн кийин, Украинадан (коңшу өлкөлөрдөн) качкандардын саны азыр 4 миллионго жетти», деген сөздү жазды.

Украинага сүйлөшүү үчүн барган Гранди: «Львовдо мен жооптуу кызматкерлер, БУУ жана башка өнөктөштөр менен бул маанисиз согуштан жапа чеккен жана жер которгон адамдарга колдоо көрсөтүү жолдорун талкуулайм»,-деп билдирди.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук, гуманитардык коридорлорду ачуу талабын орус тарапка жеткиргендерин айтты.

Верещук күнүмдүк брифингинде Стамбулдагы жолугушууларда украиналык сүйлөшүү тобу орус тарапка эң ири Мариуполь, Харьков, Чернигов жана Киев шаарларына гуманитардык коридорлорду милдеттүү түрдө ачуу талабын жеткиргенин айтты.

Украинанын Запорожье аймагынын Васильевка шаарынан Бердянск багытындагы жолдун ачылышын каалашкандарын белгилеген Верещук, эвакуация иштеринин Мариуполь, Бердянск, Мелитополь жана Энергодар шаарларынан да жүргүзүлө турганын айтты.

Верещук белгилегендей, акыркы 24 саатта Мариуполь шаарынан 936, Запорожье облусунан 729 киши эвакуацияланганын билдирди.

Франция болсо Мариуполь шаарынан чыгууну талап кылгандар үчүн уюштургусу келген гуманитардык операциянын «учурда мүмкүн эмес» экенин билдирди.

(Франция президенттиги) Елисей сарайынан жасалган билдирүүдө президент Эммануэль Макрон менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

Мариупольдо жакынкы күндөрдө гуманитардык операция уюштуруунун «азыркы этапта мүмкүн эмес» деген билдирүүсүндө Путиндин телефондогу сүйлөшүүдө бул темада ойлоно турганын айтканы билдирилди.

Макрон 25-марттагы билдирүүсүндө Мариуполдон кетүүнү каалагандар үчүн Türkiye жана Греция менен гуманитардык операция уюштура тургандарын жарыялаган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар