Россиянын "Союз" космостук кемеси америкалык космонавт менен Казакстанга конду

Ванда Хей орус капсуласы менен дүйнөгө кайтып келе албайт деген сөздөр айтылган.

1804555
Россиянын "Союз" космостук кемеси америкалык космонавт менен Казакстанга конду

Америка Кошмо Штаттары  менен Россиянын ортосундагы Украина тирешүүсүнөн кийин АКШ жана эки орус космонавты ташыган «Союз» космос кемеси Казакстанга конду.

Америкалык космонавт Ванде Хей россиялык эки космонавт Антон Шкаплеров жана Петр Дубров менен бирге 355 күндүк космостук саякатынан кийин орус капсуласында Казакстанга конду.

Казакстанда АКШнын Улуттук авиация жана космостук башкармалыгы НАСАнын дарыгерлер тобу тосуп алган 55 жаштагы Ванде Хейдин дароо АКШнын Хьюстон шаарына кайтуусу пландалууда.

АКШ менен Россиянын ортосундагы тирешүү  Украина согушунан улам  да косомско чагылды.

Европалыктардын спутниктеринин орус ракетасы менен учурулушунун токтотулушу жана Европа  -  Россия Марс планетасынын эки жыл учурула албашы менен тирешүү космостук эмгектерге да чагылды.

Россиянын Роскосмос  агенттигинин башчысы Дмитрий Рогозин өлкөсүнө каршы санкциялар эл аралык космос станциясында техникалык көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экенин эскерткен.

Ванда Хей орус капсуласы менен дүйнөгө кайтып келе албайт деген сөздөр да айтылган.



Тектеш кабарлар