ЕБнин Мариуполдогу кеңсеси бутага алынды

Европа Биримдиги бул кол салууну айыптады.

1804181
ЕБнин Мариуполдогу кеңсеси бутага алынды

Европа Биримдиги (ЕБ) Украинанын Мариуполь шаарындагы кеңсесинин орус күчтөрү тарабынан бутага алынганын кабарлады.

Европа Биримдигинин Тышкы байланыштар кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Европа Биримдигинин Мариуполдогу миссия имаратына орус күчтөрү тарабынан сокку урулганы тууралуу ишенимдүү маалымат алынды.

Окуяда имарат жана жабдуулар чоң зыянга учураганы менен миссиянын мүчөлөрү жабыркаган жок.

Билдирүүдө: «Бул кол салууларды, жарандарды жана жарандык инфраструктураны бутага алган ар кандай кол салууну катуу айыптайбыз. Орусиядан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын токтомдору жана Эл аралык соттун буйругуна ылайык, Украинадагы өз күчтөрүн жана аскердик техникасын дароо жана шартсыз чыгарып кетүүсүн талап кылабыз»,-деп айтылды.

Мариуполь шаарынын мэри Вадим Бойченко дүйшөмбү күнү билдиргендей, шаар орус армиясы тарабынан курчоого алынгандан бери 5 миң адам, анын ичинде 210 бала каза болду.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.



Тектеш кабарлар