Блинкен Орусияны "согушту дароо токтотууга" чакырды

Мароккого расмий сапар менен барган Блинкен борбор шаар Рабатта кесиптеши Насер Бурита менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1803952
Блинкен Орусияны "согушту дароо токтотууга" чакырды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияны Украинадагы согушту токтотууга жана бул өлкөдөн аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды.

Мароккого расмий сапар менен барган Блинкен борбор шаар Рабатта кесиптеши Насер Бурита менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Блинкен Орусиянын Украинага "ырайымсыз мамиле жасап жатканын" айтып: "Орусиянын кол салууларынын себебинен украиналык балдардын жарымы жер которду. Эми алар бул чабуулду дароо токтотушу, аскерлерин чыгарып кетиши жана сүйлөшүүлөргө киришүүсү керек",- деди.

Блинкен украиналыктардын согуштун көлөкөсүндө да сүйлөшүүлөрдү баштоого кайраттуу экенине көңүл буруп: "Учурда Орусиянын согушту токтотуу каалоосуна байланыштуу эч кандай белги жок»,- деди.

"Биз Орусиянын Украина тууралуу айткандарына эмес, эмне кылып жатканын карап жатабыз",- деген АКШнын мамлекеттик катчысы, Москваны дүйнө жүзү боюнча көптөгөн продукцияларды жеткирүүнү токтотуунун артында турат деп айыптады.



Тектеш кабарлар