АКШ Германияга 6 аскердик учак жиберет

Кирби Германияга бул учактар менен бирге оңдоо иштерин жүргүзө турган топ  болгон 240 аскердин да жиберилерин айтты

1803299
АКШ Германияга 6 аскердик учак жиберет

Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги (Пентагон) Германияга электрондук согуш жөндөмдүүлүгүнө ээ EA-18G Growler үлгүсүндөгү 6 аскердик  учак жөнөтө турганын жарыялады.

Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби жакында НАТОнун  чыгыш канатын бекемдөө аракеттеринин негизинде  АКШнын Германияга EA-18G Growler үлгүсүндөгү 6 согуштук учак жөнөтөрүн билдирди.

Бул учактарды аймакта бар экенин көрсөтүү үчүн жөнөтүлгөнүн баса белгилеген Кирби учактардын электрондук согуш жана алдын алуу  жөндөмдүүлүгү менен таанылганын белгиледи.

Кирби Германияга бул учактар менен бирге оңдоо иштерин жүргүзө турган топ  болгон 240 аскердин да жиберилерин айтты. 

 



Тектеш кабарлар