Зеленский Стамбулда өтө турган сүйлөшүүлөр тууралуу видео кайрылуу жарыялады

Владимир Зеленский социалдык тармактагы баракчасынан жарыялаган видео кайрылуусунда, өлкөсү менен Орусиянын сүйлөшүүчү делегацияларынын ортосунда Түркияда боло турган жолугушууларга токтолду.

1802723
Зеленский Стамбулда өтө турган сүйлөшүүлөр тууралуу видео кайрылуу жарыялады

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Стамбулда өткөрүлө турган сүйлөшүүлөр тууралуу: «Түркияда бетме-бет сүйлөшүү үчүн мүмкүнчүлүк жана муктаждык бар»,-деди.

Владимир Зеленский социалдык тармактагы баракчасынан жарыялаган видео кайрылуусунда, өлкөсү менен Орусиянын сүйлөшүүчү делегацияларынын ортосунда Түркияда боло турган жолугушууларга токтолду.

Сүйлөшүүлөрдө алардын артыкчылыктарынын белгилүү экенин баса белгилеген Зеленский: «Алдыбызда сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы күтүп турат, анткени биз тынчтыкты издеп жатабыз. Түркияда бетме-бет сүйлөшүү үчүн мүмкүнчүлүк жана муктаждык бар. Бул жаман эмес. Жыйынтыгын көрөлү»,-деди.

Зеленский өз өлкөсүндөгү жашоону калыбына келтирүүнү максат кылгандарын белгилеп, Украинанын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгүнүн корголо турганын айтты.



Тектеш кабарлар