Украина орус күчтөрүнүн жоготуулары тууралуу маалымат берди

Украинага кол салган орус армиясынын 16 миң 400 аскерин, 117 учак, 127 тик учак жана 575 танк жоготкондугу билдирилди.

1802330
Украина орус күчтөрүнүн жоготуулары тууралуу маалымат берди

Украинада орус армиясынын кол салуусунан улам 136 бала каза болуп, 200гө жакын бала жаракат алды. 

Украина башкы прокурорунан берилген маалыматта орус армиясынын бомбалоосунда 570 мектептин зыян тарткандыгы, булардан 73нүн толугу менен жараксыз болгондугу билдирилди. Маалыматта Россия кол салууларын баштаган 24 -  февралдан ушул күнгө чейин 136 баланын каза болгондугу 200 баланын жаракат алгандыгы белгиленди. 

Украинага кол салган орус армиясынын 16 миң 400 аскерин, 117 учак, 127 тик учак жана 575 танк жоготкондугу билдирилди.

Украинанын башкы штабы орус армиясынын 24 -  февраль  24 -  март аралыгындагы жоготуулары тууралуу маалымат берди.

Ушуга ылайык Украинага кол салган орус армиясынан 16 миң 400 аскер өлтүрүлүп, орустарга таандык 117 учак, 127 тик учак, 575 танк, 1640 бронетехника, 293 миномет, 91 ракета атуучу система жана 51 абадан коргонуу системасы жардырылды.

Орус күчтөрү 1131 унаа, 7 кеме менен жеңил ылдамдыктагы кайык, 73 күйүүчү май ташуучу унаа жана 56 учкучсуз учагын жоготту.

Украинада акыркы 24 саатта 170 орус аскери менен орус армиясына таандык 42 аскердик унаа жок кылынды.

Украинанын башкы штабынан берилген маалыматта акыркы 24 саатта орус армиясынын 9 кол салуусунун ийгиликтүү түрдө майтарылгандыгы, ушунун алкагында Укераина армиясынын орус күчтөрүн чоң жоготууга учураткандыгы билдирилди.

Украина армиясынын ийгиликтүү кыймылдарынын натыйжасында акыркы 24 саатта 170 орус аскеринин таасирсиз абалга келтирилгендиги билдирилип,  бул кагылышууларда араларында 3 учак, 3 учкучсуз учуучу аппарат менен 8 танк да болгон орус армиясына таандык 42 аскердик унаанын жардырылгандыгы маалымдалды.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук акыркы суткада эки гуманитардык коридордун иштегендигин жана бул коридорлор аркылуу 7 миң 331 украиналыктын коопсуз аймактарга эвакуацияланганын айтты.

Верещук берген маалыматында акыркы 24 саатта орус армиясы менен согуш уланып жаткан Мариуполь жана Мелитополь шаарларында 2 гуманитардык коридордун иштегендигин, бул алкакта Мариуполдон 6 миң 800, Мелитополдон да 531 жарандын Запорежьеге эвакуациялангандыгын баса белгиледи.

Гуманитардык жардам конвойлору боюнча иштеринин уланып жатканын белгилеген Верещук, бул алкакта мариуполдуктарга жардам берүү үчүн Бердянск жана Мелитополь шаарларына 80 тонна азык - түлүк, дары - дармек менен негизги буюмдардын жеткирилгенин айтты.

Верещук бүгүн да согуш уланып жаткан шаарлардагы украиналыктардын эвакуацияланышына карата аракеттеринин улантыларын белгилеп, ушул алкакта  Мариуполь, Киев жана Луганск аймактарындагы жарандардын эвакуацияланышы үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөрүн сөздөрүнө кошумчалады.

Ошол эле учурда Украина башкы штабынын төрагалыгы Россиянын Азов деңизинде кеме флотун күчтөндүргөндүгүн билдирди.

Башкы штабдын Фейсбук эсебинен берилген маалыматында  орус аскерлеринин борбор шаар Киевди блокадага алуу, Донецк жана Луганск аймактарынын административдик чек араларына кирүү сыяктуу негизги максаттарына жетпегени белгиленди.

Билдирүүдө орус аскерлеринин оккупацияланган Крым менен Донецк аймагынын ортосунда кургактык коридорун түзүүдө жарым - жартылай ийгиликтүү болгондугу маалымдалып : «Душман Азов деңизинде кеме флотун күчөтүүдө. Кичинекей мина ташуучу кеме «Валентин Пикуль» бир ракета кемеси «Набережный Челны» жана эки десанттык кемесинин Керч кысыгынан түндүккө карай өткөндүгү белгиленди»,- деп айтылды.

 

 



Тектеш кабарлар