Зеленский: "2 миңден ашык бала уурдалып кетти"

Зеленский Европа кеңешинин жыйынына видеоконференция аркылуу катышып сөз сүйлөдү.

1801637
Зеленский: "2 миңден ашык бала уурдалып кетти"

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусия менен 24-февралдан бери уланып жаткан согушта 2000ден ашуун украиналык баланын уурдалып кеткенин билдирди.

Зеленский Европа кеңешинин жыйынына видеоконференция аркылуу катышып сөз сүйлөдү.

Украинанын эч качан согушту кыялданбаганын белгилеген Зеленский, бир айдан бери өз жерлеринде бомбалоо астында экендиктерин айтты.

Согуш учурунда 2 миңден ашуун украиналык баланын уурдалганын билдирген Владимир Зеленский: «Балдарыбыздын кайда экенин билбейбиз»,-деди. 

Украина президенти, гуманитардык жардам кербендеринин да аткыланып жатканын айтып: "Алар эвакуация коридорлорунда балдарга, аялдарга жана чиркөөнүн кызматкерлерине ок атып жатышат», - деп билдирди.



Тектеш кабарлар