Украинадагы лабораторияларды Байдендин уулу каржылоодо
Россиянын аскер күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу күчтөрүнүн командачысы Игорь Кириллов АКШнын Украинадагы аскердик биологиялык программасы тууралуу маалымат берди.
Россиянын Коргоо министрлиги Украинадагы биологиялык лабораторияларды АКШнын президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байденге таандык фонддун каржылагандыгын жактады.
Россиянын аскер күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу күчтөрүнүн командири Игорь Кириллов АКШнын Украинадагы аскердик биологиялык программасы тууралуу маалымат берди.
Украинанын 14 отурукташуу жеринде АКШнын 30 биологиялык лабораториясынын Пентагондун көзөмөлүндө экенин айткан Кириллов, биологиялык курал үчүн колдонула турган оору козгогучтардын бул лабораторияларда өндүрүлүп Грузия, Англия жана Германияга жөнөтүлгөнүн айтты.
Сөз болуп жаткан долбоорлордо украин аскерлеринин колдонулганын билдирген Игорь Кириллов: «Бул бир гана Украинанын эмес, патоген үлгүлөрү жөнөтүлгөн аймактардын да биологиялык коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Украинадан Европа өлкөлөрүнө патогендерди жөнөтүү адамдардын өлүмүнө жана эпидемиологиялык абалдын туруксуздашына алып келиши мүмкүн",- деди.
АКШда мындай изилдөөлөргө тыюу салынганына көңүл бурган Кириллов, АКШ бийлигинин бул темада билдирүү жасашы керектигин баса белгиледи.
Орус жетекчи 2018 - 2020 - жылдары Жо Байдендин уулу Хантер Байден тарабынан каржыланганын айтып, бул лабораторияларга 32 миллион доллар инвестиция салынганын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.