SpaceX ЭКСга учура турган космостук кемесин "Эркиндик" деп атады

"Crew Dragon" жаңы капсуласын АКШнын Флорида штатындагы Кеннеди космостук борборунан 19-апрелде учуруу пландалууда.

1802072
SpaceX ЭКСга учура турган космостук кемесин "Эркиндик" деп атады

Америкалык космостук кеме жана ракета өндүрүүчүсү SpaceX келерки айда Эл аралык космос станциясына (ЭКС) учурула турган жаңы космос кемесин "Freedom (Эркиндик)" деп атады.

«Dailymail» гезитинин маалыматына караганда, НАСА астронавты Кьелл Линдгрен SpaceX экипажынын космоско биринчи кадам таштаган америкалык астронавт Алан Шепарддын элесине "Crew Dragon" деген жаңы космостук кемесин "Эркиндик" деп атаганын жарыялады.

Линдгрен, Шепарддын «Freedom 7» космос кемеси менен космоско учканына көңүл буруп: «Кийинки муунга Эркиндикти» жеткирүү биз үчүн сыймык»,- деди.

Линдгрен белгилегендей, «Crew-4» экипажы космоско Crew Dragon Freedom капсуласы менен ташылат.

Ушул алкакта НАСА менен Европа Космос Агенттигинин (ESA) астронавттары космос станциясына жөнөтүлөт.

Астронавттарды космоско алып бара турган "Crew Dragon" жаңы капсуласын 19-апрелде АКШнын Флорида штатындагы Кеннеди космостук борборунан учуруу пландалууда.

Crew-4 миссиясынын сыноо учушу менен биргеликте SpaceXтин НАСА үчүн 6-космостук учууну ишке ашыра турганы айтылды.

SpaceX астронавттары, буга чейин космостук кемелерин Endeavour (аракет), Resilience (каршылык) жана Endurance (чыдамкайлык) деп аташкан.



Тектеш кабарлар