Solar Orbiter Күндүн фотосүрөттөрүн тартып алды

Европа космостук агенттигинин (ESA) Күнгө байкоо жүргүзүүчү спутниги Solar Orbiter 74 миллион километр аралыктан Күндү жогорку резолюцияда фотосүрөткө тартты.

1802091
Solar Orbiter Күндүн фотосүрөттөрүн тартып алды

Европа космостук агенттигинин (ESA) Күнгө байкоо жүргүзүүчү спутниги Solar Orbiter 74 миллион километр аралыктан Күндү жогорку резолюцияда фотосүрөткө тартты.

Autoevolution веб - сайтынын жаңылыктарына ылайык, ультрафиолет диапазонундагы Күн таажысынын жогорку пикселдүү сүрөттөрүн алуу үчүн Extreme Ultraviolet Imaging Telescope (EUI) колдонулду.

Телескоп менен Күндү толугу менен сүрөткө тартуу үчүн 74 миллион километр аралыктан (Жер менен Күндүн жарымы) 25 кадр тартылган.

Күн толугу менен көрүлүшү үчүн бардык көрүнүштөр бириктирилди жана  Европа космостук агенттиги фотосүрөттүн 83 миллиондон ашуун пикселди камтыгандыгын белгиледи.

Мунун 4К телевизр экранында көрүлгөнүнөн 10 эсе дагы жогорку пикселдүү экендиги маалымдалды.

Күндүн ушул себептен жакын жана жогорку пикселдүү көрүнүшүнүн катталышынын бул чоң жылуулук жана жарыктык булагынын магниттик активдүүлүгүнүн дагы жакшы түшүнүлүшүнө жардам бериши болжолдолууда.

Сенсорлор жана камералар менен жабдылган спутниктин Күнгө 42 миллион километрдей жакын келиши жана Күндүн магниттик активдүүлүгү сыяктуу көптөгөн белгисиз нерселерди табышы күтүлүүдө.

АКШнын Улуттук авиация жана космостук мекемеси НАСА тарабынан колдоого алынган  Европа космостук агенттигинин Solar Orbiter байкоо спутниги Күн тууралуу маалыматтарды дагы да тередетүү үчүн 2020 -  жылы февраль айында АКШдагы Канаверал тумшугунан космоско учурулган.

 



Тектеш кабарлар