Япония Украина менен коңшуларына жардам берет

Япония Украина менен бул өлкөгө жардам берген коңшуларга 100 миллион долларлык гуманитардык жардам жиберерин билдирди.

1801988
Япония Украина менен коңшуларына жардам берет

Япония Украина менен бул өлкөгө жардам берген коңшуларга 100 миллион долларлык гуманитардык жардам жиберерин билдирди.

Кечээ Бельгиянын борбор шаары Брюсселде болгон Чоң жетиликтердин лидерлер саммитинде сөз сүйлөгөн Япониянын премьер  - министри Кишида Фумио Россиянын 24 -  февралда Украинага ачкан согуштун таасирине токтолду.

Согуштун дүйнөнү эл аралык тартипти коркунучка салган тарыхый бир бурулушка алып келгендигин белгилеген Кишида эл аралык коомдун була бал менен тилектештик ичинде жана чечкиндүүлүк менен күрөшүүсү керектигин белгиледи.

Россия  -  Украина согушунун глобалдык экономикага тийгизген таасирине токтолгон Кишида согуштун энергетика жана азык  - түлүк бааларынын жогорулашына себеп болгондугун айтып, экономикалардын колдоого алынышы жана энергетика коопсуздугу үчн Чоң жетиликтердин биргеликте иштеши керектигин белгиледи.

Кишида Россиянын Украинага ачкан согушунда Украинага жардам берген коңшу өлкөлөргө 100 миллион долларлык гуманитардык жардам жөнөтө тургандарын жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар