Байден химиялык курал тууралуу суроолорго жооп берди

Жо Байден Бельгиянын борбор шаары Брюсселде катышкан НАТОнун саммитинен кийин маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1801617
Байден химиялык курал тууралуу суроолорго жооп берди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Орусия Украинада химиялык курал колдонсо, аларга жооп кайтара тургандарын жана бул жооп химиялык куралдын колдонулуш ыкмасына жараша болорун айтты.

Жо Байден Бельгиянын борбор шаары Брюсселде катышкан НАТОнун саммитинен кийин маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Орусиянын Украинада химиялык курал колдоно турганына байланыштуу чалгын маалымат барбы деген суроого Байден: "Мен сизге азыр чалгындоо маалыматтарын бере албайм, андыктан сурооңузга жооп бере албайм. Бирок Орусия муну (химиялык курал) колдонсо, биз жооп кайтарабыз. Бул жооптун мазмуну болсо курал кандай колдонулганына жараша болот",-деп жооп берди.

Байден дагы бир журналисттин "Сиз Орусияны Чоң жыйырмалыктан чыгаруу керек деп эсептейсизби?" деген суроого: "Менин жообум ооба. Бул G20дан көз каранды. Бүгүнкү күндө бул маселе да көтөрүлдү. Эгер бул ишке ашпай калса, Индонезия жана башка өлкөлөр каршы болсо, Украинанын да жыйындарга катышуусун камсыздашыбыз керек",- деп жооп берди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу. 



Тектеш кабарлар