Индия суперсоникалык ракетасын сынады
Ракеталык сыноонун ийгиликтүү болушу, курал импортун азайтууну жана коргонуу экспортун көбөйтүүнү максат кылган Индия үчүн маанилүү кадам деп эсептелүүдө.
Индия өзөктүк кубаты бар, кургактыктан кургактыкка суперсоникалык BrahMos канаттуу ракетасын ийгиликтүү сынаганын жарыялады.
Индиянын Коргонуу изилдөө жана өнүктүрүү уюмунун (DRDO) билдирүүсүндө Андаман жана Никобар аралдарынан сыноодон өткөн ракетанын белгиленген бутага таамай сокку урганы кабарланды.
Ракеталык сыноонун ийгиликтүү болушу, курал импортун азайтууну жана коргонуу экспортун көбөйтүүнү максат кылган Индия үчүн маанилүү кадам деп эсептелүүдө.
Индиянын Брахмапутра дарыясы менен Орусиянын Москва дарыясынын аты менен аталган БрахМос ракетасын эки өлкө биргелешип иштеп чыгууда.
9-мартта Индиянын Коргоо министрлиги ракета күнүмдүк тейлөө учурунда техникалык мүчүлүштүктөн улам кокусунан учурулганын жана ал Пакистанда кыйраганын ырастаган. Пакистан бул маселе боюнча Индияга нааразылык нотасын берген болчу.
Тектеш кабарлар
Сириялык оппозициячылдар Дерага кирди
2011-жылы элдик кыймылдар башталган Дера провинциясынын борбору да оппозициянын колуна өттү.