Германия Россияга энергетика боюнча эмбарго киргизүүгө даяр эмес

Роберт Хабек өлкөсүнүн Орусияга энергетикалык эмбарго киргизүүгө даяр эмес экенин билдирди.

1801299
Германия Россияга энергетика боюнча эмбарго киргизүүгө даяр эмес

Германиянын экономика жана климатты коргоо министри Роберт Хабек өлкөсүнүн Орусияга энергетикалык эмбарго киргизүүгө даяр эмес экенин билдирди.

Хабек борбор шаар Берлинде Бундестагда сүйлөгөн сөзүндө немис өкмөтүнүн энергетикада Орусияга болгон көз карандылыгын жоюу үчүн энергия булактарын диверсификациялоо үчүн катуу аракет кылганын белгиледи.

Германиянын энергетика саясатын турукташтырууга аракет кылгандарын белгилеген Хабек : «Биз мындан ары  азыркыдай бир энергия берүүчүгө (Орусия) көз каранды болбойбуз, энергия булактарыбызды диверсификациялайбыз»,-  деди.

Министр Хабек өлкөсү Орусиядан келген көмүр, мунай жана жаратылыш газына чукул эмбарго киргизе албасын белгилеп : "Биз Орусияга энергетикалык эмбарго киргизүүгө даяр эмеспиз. Эмбарго Германиянын энергетикалык коопсуздугуна коркунуч жаратат",- деди.

Германия жаратылыш газынын 55 пайызын, чийки мунайдын 35 пайызын жана көмүрдүн 45 пайызын Орусиядан алууда.

Германия орус жаратылыш газына болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн 2 суюлтулган газ терминалынын 2 жыл ичинде ишке киришин күтүүдө. Брунсбюттель жана Вильгельмшавен шаарларында терминалдар курулат.

Учурда терминалы болбогон Германия Катардан түздөн түз  LNG ала албайт.



Тектеш кабарлар