Франция өзөктүк ракетасын сынады
Сыноонун ийгиликтүү өткөнү белгиленди.
Франция абадан жерге өзөктүк ракетасын сынаганын жарыялады.
Франциянын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө, Франциянын куралдуу күчтөрүнүн кечээ абадан жерге иштелип чыккан стратегиялык орто аралыкка атуучу ядролук ASMPA ракета сыноосун өткөргөндүгү белгиленди.
Билдирүүдө ракеталык сыноонун Европада жайгашкан ракета системасын иштеп чыгуучу MBDA, Dassault Aviation компаниясы жана Улуттук Авиация Изилдөө Борборунун (ONERA) салымдары менен жүргүзүлгөнү кабарланды.
Ядролук ракетанын Казаух аба базасынан учуп чыккан Рафале учагы тарабынан атылганы жана сыноонун ийгиликтүү өткөнү белгиленди.
Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн ичинен өзөктүк күчкө ээ жалгыз өлкө болгон Франциянын ядролук ракета сыноосунун Орусия-Украина согушуна туш келгени көңүлдү бурду.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат
Израилдин Газа тилкесине 427 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.