Блинкен : "Орустар согшутук кылмыш кылып жатышат

Блинкен Украинадагы согушта  катталган жарандык жоготуулар жана Россиянын кол салуулары тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

1801065
Блинкен : "Орустар согшутук кылмыш кылып жатышат

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен орус күчтөрүнүн Украинада "согуштук кылмыш» кылып жатканы тууралуу жайынтыкка барышкандарын билдирди.

Блинкен Украинадагы согушта  катталган жарандык жоготуулар жана Россиянын кол салуулары тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Башынан бери Россиянын Украинада жарандарды бутага алган кол салууларын иликтеп буларды документтери менен  каттоого алууга аракет кылгандарын белгиледи.

Министр Блинкен Украинанын Мариуроль шаарындагы оорукана жана театр имараттарынын атылышын мисал катары көрсөтүп : «Путиндин күчтөрү бул такткаларды элдин каршы чыгышына тоскоол болуу үчүн Грозный менен Халепте да колдонгон», - деди.  

Блинкен Россиянын Украинанын ар кайсы аймактарында жарандарды жана жарандар жашаган жерлерди бутага алган көп сандаган кол салууларынын ачык түрдө же чалгындоо булактарынын кылдаттык менен текшерилиши менен документтештирилгенин белгилеп : «Өткөн аптада АКШнын ыйгарым укуктуу эксперттери Украинадагы потенциалдуу согуш кылмыштарын документтештирүү үчүн иштеп жатканын айткам. Бүгүн мен бизде болгон маалыматтардын негизинде АКШ администрациясы орус күчтөрү Украинада согуш кылмыштарын жасаган деп баа бергенин жарыялайм»,- деди.

Блинкен ошондой эле согуш кылмыштарын жасагандарды жоопко тартуу үчүн керектүү кадамдарды ташташарын да кошумчалады.

АКШнын президенти Жо Байден өткөн аптада жасаган билдирүүсүндө "Путин согуш кылмышкери" деп, Блинкен бул сөзгө толугу менен кошуларын билдирген.

Москва администрациясы болсо Украинадагы жарандарды бутага алды деген дооматтардын негизсиз экендиигн жактаган.

Орус аскерлри 24 -  февралда Украинага кол сала баштаган.

 



Тектеш кабарлар