АКШнын алгачкы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт каза болду

Олбрайттын үй - бүлөсүнөн жасалган билдирүүдө, мурдагы мамлекеттик катчылардын бири Олбрайттын коюлган рак диагнозунан каза болгону белгиленди.

1801207
АКШнын алгачкы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт каза болду

АКШнын  биринчи аял мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт 84 жашында каза болду.

Олбрайттын үй - бүлөсүнөн жасалган билдирүүдө, мурдагы мамлекеттик катчылардын бири Олбрайттын коюлган рак диагнозунан каза болгону белгиленди.

1993 - жылы АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон тарабынан АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган Олбрайт 1997 – 2001 - жылдары мамлекеттик катчы  болуп иштеген.

1937 -жылы Чехословакиянын Прага шаарында еврей үй-бүлөдө төрөлгөн жана чех дипломаты атасы нацисттик жана коммунисттик режимден качып, 11 жашында АКШга көчүп барган Олбрайт өз кезинде НАТОнун экспансиясын жана мурдагы Югославияга аскердик кийлигишүүсүн катуу колдогон.

Мадлен Олбрайттын АКШ телеканалындагы «60 минута» программасында алып баруучунун Иракка жаслаган эмбаргонун натыйжасында Хиросимадагыдан дагы көп, жарым миллион баланын каза болгондугу, буга азрып же арзыбагандыгы тууралуу суроосуна берген : «Бул абдан кыйын бир тандоо болду бирок буга арзыгандыгын ойлоп жатам»,- деген жообу дүйнө боюнча каршы чыгууларга себеп болгон.

Олбрайт февралда Нью - Йорк Таймс гезитине Россиянын Украинага кол салуу аракети “тарыхый жаңылыштык” болорун айткан.

 



Тектеш кабарлар