Кытайлык фирмалардын Европада фирма инвестициялары өстү

Кытай фирмаларынын  Европада фирма сатып алуу инвестициялары  Ковид  - 19 эпидемиясынан улам 2020 -  жылдагы төмөндөөдөн кийин 2021 -  жылы кайрадан өстү.

1800666
Кытайлык фирмалардын Европада фирма инвестициялары өстү

Кытай фирмаларынын  Европада фирма сатып алуу инвестициялары  Ковид  - 19 эпидемиясынан улам 2020 -  жылдагы төмөндөөдөн кийин 2021 -  жылы кайрадан өстү.

Кытайдын расмий маалымат агенттиги Синьхуанын кабарына караганда кытайлык инвесторлор 2021 -  жылы Европада 155 фирма сатып алды.

Кытайлык инвесторлордун Европада фирма сатып алууларынын жалпы көлөмү мурдагы жылдарга караганда 8 эсеге көбөйүп 12,4 миллиард долларга жетти.

Борбору Гонконг болгон Hillhouse Capital инвестиция фирмасынын нидерландиялык электрондук өндүрүүчүсү Phillipsтын  үй буюмдары бөлүгүн 4, 4 миллиард долларга сатып алышы, өткөн жылдын эң чоң инвестициясы болду.

Кытайлык Tencent интернет компаниясы британиялык оюн иштеп чыгуучу Sumo Digitalди 1,25 миллиард долларга, кытайлык контейнер чыгаруучу China International Marine Containers, даниялык өндүрүүчүсү Maersk Container Industryди 1,1 миллиард долларга сатып алганы да көңүлдөрдү бурган.

Кытайлык инвесторлор бул тармакка эң көп инвестиция салган өлкөлөр 36 фирма менен Англия, 35 фирма менен Германия жана 13 фирма менен Нидерландия болду.



Тектеш кабарлар