ЕБ өлкөлөрүнөн башпаанек сурагандардын саны көбөйдү

Европанын статистикалык бюросу (Евростат) башпаанек сурамдары боюнча маалыматтарды жарыялады.

1800835
ЕБ өлкөлөрүнөн башпаанек сурагандардын саны көбөйдү

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнөн башпаанек сурагандардын саны өткөн жылы мурунку жылга салыштырмалуу 28 пайызга өстү.

Европанын статистикалык бюросу (Евростат) 2021-жылы Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө биринчи башпаанек сурамдары боюнча маалыматтарды жарыялады.

Буга ылайык ЕБ өлкөлөрүнө 2020-жылы 417 миң 100 болгон биринчи башпаанек кайрылууларынын саны өткөн жылы 28 пайызга өсүп 535 миңге жетти.

Аталган көрсөткүч 2014-жылы 530 миң 600 болсо, 2015-жылы 1 миллион 216 миң 900, 2016-жылы 1 миллион 166 миң 800, 2017-жылы 620 миң 300, 2018-жылы 564 миң 100 жана 6091 миң болгон.

Евробиримдик өлкөлөрүнөн өткөн жылы башпаанек сурагандардын арасында биринчи орунду сириялыктар ээледи.

Бул мезгилде Германиядан 148 миң 175, Франциядан 103 миң 790, Испаниядан 62 миң 50, Италиядан 43 миң 900 жана Австриядан 36 миң 725 киши башпаанек сурады.



Тектеш кабарлар