Украина жана Россиядан жоготуулар тууралуу маалыматтар берилди

Украинанын коргоо министрлиги өлкөдөгү абал тууралуу акыркы маалыматты берди.

1799781
Украина жана Россиядан жоготуулар тууралуу маалыматтар берилди

Россиянын 24  -февралдагы кол салуусунан  бери Украинада 117 бала набыт болуп, 155и жаракат алды.

Украинанын Башкы прокуратурасынын берген  маалыматына караганда, орус армиясынын бомбалоосунан 548 билим берүү мекемеси жабыркаса, 72си толугу менен талкаланып, жараксыз абалга келди.

Бомбалоодон эң көп Киев, Харьков жана Черниговдо жашаган балдар жабыркаган.

Мариуполь  шаардык кеңешинин социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө орус күчтөрү кол салууларын улантып жаткан шаарга абадан абдан  эки күчтүү бомба таштаганы жана мунун натыйжада шаардын дагы чоң кыйроого дуушар болгондугу белгиленди. 

Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Герашенко, Херсондо украиналыктардын орус армиясына каршы акция уюштурганын, орус күчтөрү демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгонун,  асманга ок атуу менен элге  кийлигишкенин айтты.

Бир тараптан Украинада  24 -  февралда өлкөгө кол салууну баштаган орус күчтөрүнүн «үч күндөн ашпай турган» ок  - дары жана тамак  - аш запасынын калгандыгын билдирди. Украинанын коргоо министрлиги өлкөдөгү абал тууралуу акыркы маалыматты берди.

Министрлик Украина бөлүктөрүнүн орус бөлүктөрүн борбор шаар Киевдин 60 километр батышындагы шаарчадан чыгаргандыгын айтты.

Маалыматта : «Орус күчтөрүнүн танкерлер менен толтурулган үч күндүк күйүүчү майы бар. Аскер чогултуу муктаждыгын камсыз кыла алган жок. Акыркы 24 сааттын ичинде Украина аба күчтөрү бир учак, алты учкучсуз учуучу аппарат жана эки тик учак менен бирге тогуз орус бутасын атты. Украинанын борборундагы Суми облусунун кичинекей шаары болгон Ахтыркада 300 орус аскери Украинага карата кол салууну четке какты жана операция аянтынан чыгып кетти. Украина күчтөрү 13 кол салууга каршы турду жана 14 танк, 8 жөө аскер согуштук унаасы, көп максаттуу сүйрөөчү машинаны, 3 артиллериялык системаны жана башка төрт унааны жардырды»,- деп билдирилди.

Украинанын вице  - премьер  - министри Ирина Верешук да видео билдирүү аркылуу берген маалыматында 21 -  мартта жарандардын эвакуациясы үчүн бекитилген 8 гуманитардык жардам коридорунан жетөөсүнүн иштегендигин айтты.

Акыркы 24 саатта түрдүү кыйынчылыктарга карабастан 8 миң 57 кишинин коопсуз аймактарга эвакуациялашкандарын айткан Верешук : «Мариуполдон 3 миң 7 жаран Запарожье шаарына чыгарылды. Киев аймагындагы айылдардан да 4 миң 370 киши эвакуацияланды»,- деди.

Бир тараптан Россиянын коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада Украинада акыркы 24 саатта 137 аскердик инфраструктура объектисинин жок кылынганын жарыялап :  "Украина армиясына таандык 230 учкучсуз учуучу аппарат, 181 көп стволдуу ракета аткычтар, 1528 танк жана ар кандай бронетехника, 154 зениттик-ракеталык комплекс, 602 гаубица жана миномёт, 1312 атайын аскердик техника жок кылынды",- деди.



Тектеш кабарлар