Керкүктө ДЕАШ кол салды

Керкүк полиция директорлугунун басма сөз катчысы Амир Нури кол салууда бир аскердин каза болгонун айтты.

1799739
Керкүктө ДЕАШ кол салды

Ирактын Керкүк шаарында террордук уюм ДЕАШтын армияга таандык байкоо жерине жасаган кол салуусунда бир аскер каза болду. Керкүк полиция директорлугунун басма сөз катчысы Амир Нури шаардын Дакук районуна карашту Албу Мухаммед айылына жакын Ирак армиясына таандык байкоо жерине террордук уюм ДЕАШтын кол салгандыгын, бир аскердин каза болгондугун айтты. 

Кол салуудан кийин райондун жакындарында операция баштагандарын айткан Нури операциянын райондун түштүгүндөгү элет аймагында да улантыларын белгиледи. 

 

 



Тектеш кабарлар