Сириянын Конституциялык комитети эртең чогулат

Сириянын Конституциялык комитетинин жыйналыштары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Швейцариядагы Женева кеңсесинде өткөрүлөт.

1798643
Сириянын Конституциялык комитети эртең чогулат

Сириядагы жарандык согушту токтотуу үчүн саясий чечим издөөнүн эң маанилүү алкагы болгон Сириянын Конституциялык комитетинин сүйлөшүүлөрүнүн 7-айлампасы эртең башталат.

Алгачкы 6 айлампада Башар Асад режимин өкүлдүк кылган делегациянын келишпес мамилесинен улам конкреттүү эч кандай жылыш боло албаган Сириянын Конституциялык комитетинин жыйналыштары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Швейцариядагы Женева кеңсесинде өткөрүлөт.

Комитеттин 7-айлампа сүйлөшүүлөрү 21-25-март күндөрүнүн аралыгында БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Гейр Педерсендин жетекчилигинде, алгачкы 6 айлампадагы көңүл калуудан кийин болот.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сириядагы акыркы абалдар тууралуу маалымат берген Педерсен, Орусиянын Украинадагы азыркы аскердик операцияларынын Сирия кризисинин тынчтык жолу менен чечилүүсүн кыйындатканынан тынчсызданганын айтты.

Конституциялык комитеттин жыйындарында Асад режимин өкүлдүк кылган делегацияны Орусия жетектегени белгилүү.



Тектеш кабарлар