Украинада Луганск аймагынын көзөмөлү жана жоготуулар

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада билдирүү жасады.

1798110
Украинада Луганск аймагынын көзөмөлү жана жоготуулар

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинанын Луганск аймагындагы жерлердин 90 пайызынын көзөмөлгө алынганын билдирди.

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада жасаган билдирүүсүндө, Орусиянын куралдуу күчтөрү менен Донбасстагы жикчил бийликтердин Украинада алдыга жылуусун улантып жатканын кабарлады. 

Украинада кээ бир отурукташуу жерлеринин көзөмөлгө алынганын белгилеген Конашенков: "Луганск Элдик Республикасынын аймагынын 90 пайыздан ашыгы каратылды",-деди. 

Мариуполь шаарынын курчоого алынганын билдирген Конашенков, бул шаардын борборунда кагылышуулардын уланып жатканын айтты.

Орус армиясынын акыркы 24 саатта Украинада 81 аскердик инфраструктура объектисин жок кылганын белгилеген Конашенков: "Жалпысынан Украинанын 183 учкучсуз учуучу аппараты, 1406 танк жана ар кандай бронетехника, 138 зениттик-ракеталык комплекс, 535 пушка жана миномёту, 1197 атайын аскердик техника жок кылынды",-деп билдирди. 



Тектеш кабарлар