Францияда саламаттыкты сактоо системасындагы маалыматтар уурдалды
Францияда хакерлер Социалдык коопсуздук мекемесинин онлайн саламаттык сактоо системасына кирип, 500 миңден ашуун адамдын жеке маалыматтарын уурдашкан.

Францияда хакерлер Социалдык коопсуздук мекемесинин онлайн саламаттык сактоо системасына кирип, 500 миңден ашуун адамдын жеке маалыматтарын уурдашкан.
Француз басма сөзү Улуттук саламаттыкты камсыздандыруу фондунун билдирүүсүнө таянып берген кабарында хакерлердин көпчүлүгү фармацевт болгон 19 медициналык кызматкердин компьютеринен онлайн саламаттыкты камсыздандыруу мекемесине тандык системага киргендигин маалымдаган.
Кабарда хакерлер 19 "жабырлануучунун" Dark Webдеги колдонуучу аккаунту менен системага киргени билдирилди.
кеминде 510 миң кишинин маалыматтары уурдалгандыгы айтылган кабарда мекеменин жакынкы күндөрдө жабырлануучулардын эсебин билдирүүнү пландап жатканы айтылды.
Кабарда адамдардын социалдык камсыздандыруу номерлери менен колдонуучу маалыматтарынын уурдалганы айтылган, бирок банк, дарек, телефон жана оорулар тууралуу маалыматтардын мындан таасирленбегендиги билдирилди.
Тектеш кабарлар

Германияда 4 жашар балага маймыл чечеги жукту
Германияда маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру 19-майда аныкталган.