НАТОнун Норвегиядагы машыгуусу

НАТО Норвегияда 30 миң аскер жана жүздөгөн учак жана кемелердин катышуусунда машыгуу өткөрүүдө.

1795721
НАТОнун Норвегиядагы машыгуусу

НАТО Норвегияда 30 миң аскер жана жүздөгөн учак жана кемелердин катышуусунда машыгуу өткөрүүдө.

Март жана апрель айларында улана турган “Муздак жооп-2022” машыгуусуна НАТОнун Европа жана Түндүк Америкадагы өнөктөштөрүнөн тышкары альянстын өнөктөштөрү Швеция менен Финляндиянын аскерлери катышууда.

Аба, кургактык жана деңиз элементтеринин машыгуусунда 27 өлкөдөн 30 миң аскер, 220 учак жана 50дөн ашуун кеме суук аба ырайында жана татаал рельефтерде машыгууларды өткөрүүдө. 

Машыгууда «Норвегия кол салууга учураган  жана  союздаштык  келишиминин жамааттык коргонууну  күткөн  5 - беренесинин ишке ашырылышы» сценарийи колдонулууда.

НАТОнун билдирүүсүндө машыгуунун коргонуу максатында экендиги жана мурунтадан  пландалгандыгы,   Россиянын 24 - февралдан бери уланып жаткан Украинага кол салуусу менен байланышынын жоктугу   баса белгиленди.

Маалыматта НАТО союздаштарынын машыгууларда так кыймылдагандыгын жана эл аралык убадаларга сый көрсөткөндүгү билдирилип : "Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун бардык мүчө өлкөлөрүнөн байкоочулар "Муздак жооп " машыгуусуна чакырылды бирок Россия чакырууну четке какты. Норвегия байкоочуларды каттоону 23 - мартка чейин узартты",- деп айтылды. 

 

 



Тектеш кабарлар