Испанияны чаң булуту каптады

Испаниядагы чаң булутунун таасири эртең дагы улануусу күтүлүүдө.

1796015
Испанияны чаң булуту каптады

Түндүк Африкадагы Сахара чөлүнөн келген чаң бороону Испаниянын көпчүлүк аймагында таасирдүү болду.

Борбор Мадрид жана Аликанте, Сеговия, Альмерия, Леон, Вальядолид, Мурсия, Бургос жана Авила сыяктуу көптөгөн шаарларды каптаган сары чөл кум булуттары абанын булганышын арттырды.

Адистер айрыкча дем алуу органдарынан жабыркаган кары - картаңдарды  көчөгө чыкпоо керектигин  жана  ачык абадагы  иш - чараларды  токтотуу керектигин эскертишти.

Мунун Селия бороонунун таасири менен Сахара чөлүнөн келген «өзгөчө чаң булутунун» болгонун белгилеген адистер, чаң булутунун Пиреней жарым аралында абдан сейрек кездешкенин жана тарыхый окуя болгонун белгилешти.

Испаниядагы чаң булутунун таасири эртең дагы улануусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар