Гутерриш: "Украина-Орусия согушу өзөктүк кагылышуу ыктымалдыгын жаратты"
Гутерриш АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы кеңсесинде журналисттерге билдирүү жасап: "Украина күйүп жатат. Өлкө дүйнөнүн көз алдында жок кылынууда",- деди.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш Украина-Орусия согушунун өзөктүк кагылышуу ыктымалдыгын жаратканын эскертти.
Гутерриш АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы кеңсесинде журналисттерге билдирүү жасап: "Украина күйүп жатат. Өлкө дүйнөнүн көз алдында жок кылынууда",- деди.
Орусиянын Украинага каршы согушунун карапайым калкка тийгизген таасиринин коркунучтуу өлчөмдөргө жеткенин айткан Гутерриш: «Жыйынтык кандай болсо да, бул согушта жеңгендер болбойт, жеңилгендер гана болот»,-деп билдирди.
Гутерриш бул согуштун Украинанын сыртанан чыгып кеткенин белгилеп: «Бул ошондой эле дүйнөдөгү эң аялуу адамдарга жана өлкөлөргө кол салуу болуп саналат. Украинага согуш жамгыры жаап жатканда, Дамоклдун кылычы глобалдык экономикага, өзгөчө өнүгүп келе жаткан дүйнөнүн үстүндө термелүүдө»,-деди.
Орусиянын өзөктүк коңгуроо деңгээлин көтөрүшүнүн болсо үрөй учурарлык окуя экенин белгилеген Гутерреш: «Ядролук чыр-чатактын бир кездеги ойго келбеген мүмкүндүгү азыр кайрадан мүмкүн», - деп айтты.
Антонио Гутерриш: «Украина эли туш болгон трагедияны токтотуу үчүн дипломатия менен тынчтыктын мезгили келди»,-деп маалымдады.
Түркия, Франция, Германия, Израиль, Индия жана Кытайга ортомчулук аракеттеринен улам ыраазычылык билдирген Гутерреш, Украинанын үстүнөн учууга тыюу салынган аймактын түзүлүүсүнүнүн болсо чыңалууну күчөтүү коркунучун алып келерин кабарлады.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.