Эйфель мунарасы 6 метр узарды

Франциянын символдорунун бири болгон Эйфель мунарасы 6 метрлик радио антенна менен 330 метр бийиктикке жетти.

1796032
Эйфель мунарасы 6 метр узарды

Франциянын символдорунун бири болгон Эйфель мунарасы 6 метрлик радио антенна менен 330 метр бийиктикке жетти.

Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарга караганда борбор шаар Париждин эң бийик имараты болгон атактуу Эйфель мунарасынын үстүнө бүгүн эртең менен тик учактар ​​менен 6 метрлик радио антенна орнотулду.

Мунаранын башында  чыккан жумушчулардын тик учак менен чыгарылган   антеннаны орнотуу 10 мүнөткө созулду.

31 - мартта 133 жыл артта калтыра турган Париждин символунун  бийиктиги радио антеннасынын кошулушу менен 324 метрден 330 метрге көтөрүлдү.

Густав Эйфель тарабынан 1889 - жылдагы  Дүйнөлүк жарманке (Экспо) үчүн курулган мунара оболу 1959 - жылы, андан кийин 2005 - жылы санариптик жер үстүндөгү телекөрсөтүү антеннасын кошуу менен узартылган.

Франциянын символу болгон Эйфель мунарасын жыл сайын 6 миллионго жакын турист зыярат кылууда.



Тектеш кабарлар