Орусия: «Чет элдик согушкерлерди зыянсыздандырдык»

Игорь Конашенков басма сөздү маалыматтандыруусунда Киев башкаруучулугу Львов облусундагы полигон менен конушту орус аскерлерине каршы кагылыш болгон аймактарга чет элдик жалданма согушкерлерди даярдоо жана координациялоо борборуна айландырганын айтты.

1794942
Орусия:  «Чет элдик согушкерлерди зыянсыздандырдык»

Украин аскерлеринин Донецкке жасаган чабуулунан кеминде 20 киши набыт болду.

Донецктеги өзүн жикчил деп эсептеген башкаруучулуктун жооптуу кызматкерлери тарабынан жасалган билдирүүдө украин күчтөрү тарабынан Донецкке учурулганы айтылган Точка-У ракетасынын башкаруу имаратындагы абадан коргонуу системасы тарабынан жок кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө,«Биринчи аныктамалар боюнча шаардын борборундагы банктын алдында кезекте турган жарандардын арасына ракетанын бөлүкчөлөрүнүн түшүшүнүн натыйжасында болгон жардыруулардан кеминде 20 киши каза болуп, 9у жараат алды»,деп айтылды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков да кол салууда карапайым жарандардын бутага алынганын белгилеп: «Донецктин борборунда кассеталык бомбалардын жарылышынын натыйжасында 20 жайкын тургун каза болуп, 28 жай тургун, анын ичинде балдар оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди», - деди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинанын Львов облусунда 180ге жакын чет элдик жалданма согушкерди жогорку тактыктагы алыскы аралыкка атуучу куралдар менен зыянсыздандырганын билдирди.

Игорь Конашенков басма сөздү маалыматтандыруусунда Киев башкаруучулугу Львов облусундагы полигон менен конушту орус аскерлерине каршы кагылыш болгон аймактарга чет элдик жалданма согушкерлерди даярдоо жана координациялоо борборуна айландырганын айтты.

Бул аймакта чет өлкөлөрдөн келген курал-жарактарды жана аскердик техникаларды сактоочу база түзүлгөнүн билдирген Конашенков: «13-март күнү эртең менен биз Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Старичи айылындагы машыгуу борборлорун жана Яворовский полигонун жогорку тактыктагы алыскы аралыкка атуучу куралдар менен аттык. Натыйжада 180ге жакын чет элдик жалданма согушкерлер жана көп сандагы чет элдик курал жок кылынды.Украинанын аймагына келген чет элдик согушкерлерди жок кылуу улантылат»,-деди.

Украина армиясына таандык жалпы 3736 аскерий инфраструктура объектисине ушул убакка чейин сокку урулганын белгилеген Конашенков: «Украинанын куралдуу күчтөрүнө таандык 100 учак, 139 учкучсуз учуучу аппарат, 1234 танк жана бронетранспортер, 122 көп стволдуу ракета аткычтар, 452 гаубицалар жана минометтор, 1013 атайын аскердик техника жок кылынды»,-деген маалыматты берди.

Басма сөз катчысы Конашенков ошондой эле Мариуполь шаарынан 44 адам, анын ичинде 8 бала эвакуацияланганын билдирди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар