Боррель: «Украинанын учууга тыюу салынган аймак деп жарыялоо талабын ишке ашыруу мүмкүн эмес»

Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррелл испаниялык El Periodico de Catalunya гезитине берген маегинде айтты.

1794498
Боррель: «Украинанын учууга тыюу салынган аймак деп жарыялоо талабын ишке ашыруу мүмкүн эмес»

Европа Биримдиги (ЕБ) Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Украинанын учууга тыюу салынган аймак деп жарыялоо талабын ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин билдирди.

Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррель испаниялык El Periodico de Catalunya гезитине берген маегинде: «Учууга тыюу салынган аймак - бул аны бузган орус учактарын атып түшүрүү мүмкүнчүлүгүнө жана эркине ээ болуу дегенди билдирет. Бул азыркы жаңжалды 3-дүйнөлүк согушка айлантуу дегенди билдирет жана биз муну каалабайбыз»,-деп айтты.

Орусия Украинаны басып алуусунда болжолдонгондон да көп жоготууга учураганын жана аба мейкиндигин көзөмөлдөй албаганын белгилеген Боррель: «Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны алсыз деп ойлоду, ал бир нече күндөн кийин багынып берет, Батыштын бөлүндү, бизди мынчалык күчтүү финансылык жана экономикалык санкциялык чечимдерди кабыл ала албайт деп ойлогон, бирок ал бардык жагынан жаңылды»,-деди.

«Евробиримдиктин максаты Путинди кулатуу эмес, кысым көрсөтүү»,-деп айткан Боррель: «Орусиянын саясий системасында болуп жаткан окуялар Орусиянын маселеси. Биз Орусияга анын саясий режимин өзгөртүү үчүн санкция киргизген жокпуз. Путиндин саясий колдоосуна негиз болгон олигархтарды санкциялар менен ачык эле жазалап жатабыз»,-деп маалымдады.

Боррелдин айтымында, эгер Орусия «согушта жеңишке жетип, Украина багынып берсе, бул эң күчтүүсү алсызды талкалап, жунгли мыйзамынын дарбазасын ачат» дегенди билдирет.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар