Венгрияда Каталин Новак президент болуп шайланды

Фидес-КДНПнын талапкери, мурдагы үй-бүлө министри Каталин Новак 137 добуш алып президент болуп шайланды.

1793301
Венгрияда Каталин Новак президент болуп шайланды

Венгрияда Каталин Новак 5 жылга президент болуп шайланды. 

199 орундуу Венгрия Улуттук Парламентинде  195 депутат катышкан жана 188 жарактуу добуш берилген шайлоодо өкмөттөгү Фидес-КДНПнын талапкери, мурдагы үй-бүлө министри Каталин Новак 137 добуш алып президент болуп шайланды.

Оппозициялык партиялардын биргелешкен талапкери Питер Рона 51 добуш алды.

Өлкөдө биринчи аял президент болуп шайланган Новак 10 - майда эки мөөнөт президенттик кызматты аткарган Янош Адерден кызматын өткөрүп алат.

 

 

 



Тектеш кабарлар